Жарыяланган 17.12.2018

Пенсиялык жаш курагынын жогорулашы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Пенсиялык жаш курагынын жогорулашы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирет.Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок.

Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз.