Жарыяланган 28.03.2016

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү ту

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-статьянын:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээ юридикалык жакты түзбөстөн уюшулган дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери республиканын райондорунда жана шаарларында мурдакы календардык жылы түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын төмөнкү өлчөмдөрүндө ай сайын белгиленет:

 

Жыл

дар

Төмөнкү аянттагы сугат жерлеринин, көп жылдык өсүмдүктөрдүн ээлери үчүн (га)

 

 0,05 га чейин

0,05 тен 0,1 га чейин

0,1 ден 0,15 га чейин

0,15 тен 0,2 га чейин

0,2 ден 0,25 га чейин

0,25 тен 0,5 га чейин

0,5 тен 1 га чейин

1 ден 2 га чейин

2 ден 5 га чейин

5 тен 10 га чейин

10 дон 50 га чейин

50 ден 100 га чейин

100 га дан жогору

2016

0,10%

0,12%

0,14%

0,17%

0,2%

0,3%

0,4%

0,5%

1,0%

3,0%

5,0%

10,0%

20%

2017

0,10%

0,12%

0,14%

0,17%

0,2%

0,3%

0,4%

0,5%

1,0%

3,0%

5,0%

10,0%

20%

2018

0,15%

0,18%

0,20%

0,25%

0,3%

0,4%

0,6%

0,8%

1,5%

3,5%

6,0%

10,5%

20%

2019

0,20%

0,25%

0,30%

0,35%

0,4%

0,6%

0,8%

1,0%

2,0%

4,0%

8,0%

11,0%

20,5%

2020

0,30%

0,35%

0,40%

0,50%

0,6%

0,9%

1,2%

1,5%

2,5%

4,0%

8,0%

12,0%

21,0%

2021

0,40%

0,45%

0,50%

0,65%

0,8%

1,2%

1,6%

2,0%

3,0%

5,0%

9,0%

13,0%

21,5%

2022

0,50%

0,55%

0,60%

0,80%

1,0%

1,5%

2,0%

2,5%

3,5%

5,0%

10,0%

14,0%

22,0%

2023

0,60%

0,65%

0,70%

0,95%

1,2%

1,8%

2,4%

3,0%

4,0%

6,0%

11,0%

15,0%

22,5%

2024

0,70%

0,75%

0,80%

1,10%

1,4%

2,0%

2,8%

3,5%

5,0%

7,0%

12,0%

16,0%

23,0%

2025

0,80%

0,90%

1,00%

1,30%

1,6%

2,3%

3,2%

4,0%

6,0%

8,0%

13,0%

17,0%

23,5%

2026

0,90%

1,00%

1,20%

1,50%

1,8%

2,6%

3,6%

4,5%

7,0%

9,0%

14,0%

18,0%

25,0%

2027

1,00%

1,20%

1,40%

1,70%

2,0%

3,0%

4,0%

5,0%

8,0%

10,0%

15,0%

20,0%

25,0%

Башка жерлердин түрлөрү үчүн (айдоо, кайрак, чөп чабыктар, насостук станциялар менен сугарылган жерлер, жайыттар, токой тилкелери ж.б.) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери сугат жерлери үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин 50 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Юридикалык жакты түзбөстөн уюшурулган дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;

2. 6-статьянын:

- 2 жана 2-1- бөлүктөрү  төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле, контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен базарларда ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

- 2016-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 пайыз;

-2019-жылдын 1-январынан баштап 2020-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 7 пайыз;

- 2021-жылдын 1-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыз;

- 2023-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 9 пайыз;

- 2025-жылдын 1-январынан баштап жана андан кийин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.»;.

 «2-1. лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

-  2016-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;

-2019-жылдын 1-январынан баштап 2020-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3,5 пайыз;

- 2021-жылдын 1-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;

- 2023-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4,5 пайыз;

- 2025-жылдын 1-январынан баштап жана андан кийин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.»;.

3.  7-статьянын

-2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер тилкесине же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн жана /же тжер тилкесин же анын бир бөлүгүн ижарага берип киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлерин ижарага алган – жеке жактар үчүн  - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.»;

- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Жеке жактарга Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен жерлер (жайыттарды эсептебегенде), токой фондусунун тилкелери ижарага берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, тилкени ижаралоочу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

Жеке жактарга жайыттарды пайдаланууга укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.»;

- 4-бөлүгүнүн биринчи абзацынын «орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн» деген сөздөр «алган гонорардан (сыйакыдан)» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 11-статьянын

- 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында «I жана II топтогу майыптар» деген сөздөрдөн кийин «жана пенсионерлер» деген сөздөр менен толукталсын, «I жана II топтогу майыптар» деген сөздөрдөн кийин «жана пенсионерлер» деген сөздөр менен толукталсын.

- экинчи абзацында «Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбасында I жана II топтогу майыптарга» деген сөздөрдөн кийин «жана пенсионерлерге» деген сөздөр менен толукталсын.

 

4. 14-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- «14-1-статья. Бир айлык орточо эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына карата (2-бөлүктүн 5-статьясында, 6 жана 7-статьяларында каралган төлөөчүлөрдөн сырткары) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү  - өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген өлчөмү эсептелет.

2. 2-бөлүктүн 5-статьясында, 6 жана 7-статьяларында каралган төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган  бир айлык орточо эмгек  эмгек акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу факторлордун таасирин эске алуусуз аныкталат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1 жана 2 –пунктарында белгиленген бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматтарды жыл сайын үстүдөгү жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө жарыялайт.».

2-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти