Жарыяланган 21.12.2018

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт.

«Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш».

Ушу тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.