Жарыяланган 1.10.2018

2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо боюнча маалымат

2018-жылдын 1-октябрынан тартып  пенсияларды индексациялоо боюнча маалымат

             

 

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен индексацияланат. 

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында «2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын                   базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору кабыл алынды. Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар төмөнкүдөй индексацияланат:

  • 1 780 сом өлчөмүндө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүн  2017-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө (105,5%) же 100 сомго индексацияланат. Мында пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4393 сомдон) төмөн болгон пенсионерлер үчүн башкача айтканда пенсионерлердин 38 % үчүн индексацияланат (246,0 миң адамга),

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 1,07 индексациялоо коэффициентине индексацияланат. Бирок пенсиянын жалпы өлчөмү 4 393 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 250 сомдон кем эмес, ал эми пенсиянын жалпы өлчөмү          4 394 сомдон ашкан пенсиялар үчүн 370 сомдон кем эмес индексацияланат.

Пенсияны кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 378 сомго жогорулайт жана 5 682 сомду түзөт,  107,1%га өсүш менен.

Бул иш чаралар аз камсыз болгон жарандардын аз чекти белгилөөнүн эсебинен жана пенсиялык системага чоң чегерүүлөрдү төлөгөн жарандардын дагы кызыкчылыктарын коргойт, төгүмдөр канчалык көп болсо, индексациялоо ошончолук жогору болот.

648,0 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого жалпысынан 744,4 миллион сом, анын ичинде  республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгү үчүн 73,0 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 671,4 миллион сом кошумча керектелет. 

2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсионерлер жогорулатылган өлчөмдөрдө пенсияларын ала алышат.