Жарыяланган 28.03.2016

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү ту

Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери.

Дыйкан (фермердик) чарбалар (мындан ары- ДФЧ) жана жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөн (мындан ары- ЖИ) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ченин белгилөөдө төлөм жүгүн адилеттүү бөлүштүрүүнү эске алуу менен мамлекеттик камсыздандыруу принциптерин ишке ашыруу мыйзам долбоорунун максаты болуп эсептелет.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү киргизилип жаткан мыйзам долбоорунун милдети болуп эсептелет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-мартындагы № 60 Мыйзамы менен жогоруда аталган төлөөчүлөрдүн категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери белгиленген, ага ылайык төгүмдөр туруктуу өлчөмдө эмес, орточо бир айлык эмгек акыдан төлөнөт.

Бирок азыркы система 3 градация боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери майда ДФЧ кызыкчылыктарын толугу менен эске албайт. Кайрылуулардын саны көбөйүп, анда аз аянттагы жер үлүшү бар жана мүчөлөрү көп дыйкан (фермердик) чарбалардын кызыкчылыктары чектелгендиги, ар түрдүү жер үлүштөрү бар адамдардын тең эмес шарттарга коюлгандыгы, адилеттүү эмес камсыздандыруу төлөмдөрүнүн белгиленгендиги көрсөтүлдү.  Жарандар социалдык чыңалууну алып салуу үчүн бул маселенин мамлекеттик деңгээлде тез арада чечилишин талап кылышты.

Төлөм жүгүн адилеттүү бөлүштүрүү максатында мыйзам долбоору менен  бул маселени чечүү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана жер аянттарына (13 позиция боюнча) дифференцияланган чендерди белгилөө боюнча «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталып жатат. Жалпы төлөөчүлөрдүн ичинде 0,25 га чейин жер үлүшүнө ээ ДФЧ жана жеке жактардын саны 65,2%,  0,25 тен 0,5 га  чейин – 20,8 %, 0,5 тен 1 га чейин– 7,8% түзөт, т.а. 93,8% төлөөчүлөр 1га чейин жер үлүшүнө ээ. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференцияланган чендери жердин санына жараша сугат жерлерине жана көп жылдык өсүмдүктөргө белгиленүүдө. Ошону менен бирге башка категориядагы жерлер үчүн 50% өлчөмүндө бирдиктүү азайтылган коэфициентти колдонуу сунушталууда. Тариф чендерин 12 жыл аралыгында этап этабы менен алгылыктуу жогорулатуу каралууда.

Мыйзам долбоору менен дыйкан (фермердик) башчылары жана мүчөлөрү үчүн тариф чендерин камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база катарында колдонулган ОАЭ белгилөө каралууда. Мында төмөнкү факторлорду эске албастан белгилөө каралууда:

- жалпысынан өлкө боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүнөн бир топ жогору эмгек акынын деңгээлин (50%).  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын региондору (райондору) боюнча бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү эмгек акысы жогорку деңгээлдеги ишканаларды эске алуу менен эсептелет, бул аталган региондогу орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө , айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн абалына терс таасир этет.

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөк акылардын жана райондук коэфициенттердин эсебинен түзүлгөн эмгек акыларга кошумчаларды.

Ошону менен бирге дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү чарбанын же жеке жактын жалпы жер аянтына эмес, чарбанын ар бир мүчөсүнүн жана жеке жактын жер үлүшүнө карата эсептелет. Мындай шарттарда ОЭА камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө базасы  региондорго жараша 14%дан 41% га чейин, ал эми республика боюнча орто эсеп менен 36%га  кыскарат.

Мыйзам кабыл алынган шарттарда алдын ала эсептөөлөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2016-жылы  200 млн. сомду, 2017-жылы -227 млн. сомду (өсүш 113,7%), 2018-жылы -541 млн сомду түзөт ( 2 эсеге көбөйөт).

ДФЧ үчүн сунушталган чендер боюнча төлөө шарттарында  азыркы колдонулуп жаткан мыйзамдарга салыштырмалуу 0,05 га чейин жер үлүшүнө ээ адамдардын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы  88%га, 2 га үчүн - 81%га чейин азаят, чоң участоктор үчүн тескерисинче 2 ден 3,8  эсеге чейин көбөйөт. Натыйжада пенсиянын базалык бөлүгүн кошкондо төмөнкүдөй өлчөмдөгү пенсия алууга шарт түзүлөт:

   -   0,05 тен 10 га  чейин жер үлүшү бар адамдар үчүн ПЖМ 40% дан 75%  чейин (жеке камсыздандыруу эсебинде төгүмдөрдү индексациялоодо 1,4 эсеге) ;

   - 10 га  жана андан жогору жер үлүшү бар адамдар үчүн ПЖМ 100% дан 150 %  чейин.

Базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар үчүн (мындан ары - ЖИ), камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин ар бир 2 жылда этап этабы менен көбөйтүп төмөнкүлөргө жеткирүү сунушталууда:

- контейнерлерде товар саткан жеке ишкерлер үчүн 2025-жылга карата 10 жылдын аралыгында орточо айлык эмгек акынын (ОАЭ) 6 %нан 10 6 %на чейин,

-лотоктордо, соода орундарында товар саткан жеке адамдар үчүн 2025-жылга карата ОАЭ 3 %нан 5 %га чейин.

Бир айлык орточо эмгек акы ДФЧ үчүн белгиленгендей жогоруда аталган факторлордон сырткары калдонулат.

ЖЭИ жүргүзгөндөр үчүн сунушталган тарифтер 2016-жылы төлөмдөрдү 40%га, 2018-жылы 70%га кыскартат.

Колдонулуп жаткан Мыйзамдын 11-статьясына өзгөртүүлөр киргизилип, ДФЧ жана базарларда  ЖЭИ жүргүзгөн пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен берилген лицензиялардын негизинде иштеген жана гонорар  (сыйакы) алган жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери алган гонорарынын (сыйакысынын) 10% өлчөмүндө белгиленет  (9 % - Пенсиялык фондго, 1 % - ММКФ).

Алсак, эркин кесиптин ээлери болгон жазуучулардын, журналисттердин, сүрөтчүлөрдүн, артисттердин, философтордун, адвокаттардын эмгеги үчүн төлөнгөн гонорардын (сыйакынын) – акчалай сыйлыктын өлчөмү 100-200 сомду түзүшү мүмкүн. Колдонулуп жаткан мыйзамдар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү гонорардын өлчөмүнөн бир нече эсе жогору (мисалы, Бишкек шаары боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 1487 сомду түзөт (камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 2014-жылга Бишкек ш. боюнча орточо бир айлык эмгек акынын 10% -14876 сом). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маалыматтары боюнча алардын маалымат базасында 1207 автор жана аткаруучу катталган, анын ичинен 11 автордун гонорары гана Бишкек ш. боюнча орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө тең.

Кыргыз Республикасынын сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр жетишилет:

  • колдонулуп жаткан мыйзамдарга салыштырмалуу  камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин аянтына жана жер үлүштөрүнүн категориясына жараша адилеттүү төмөндөтүү;
  • азыраак аянттагы жер үлүштөрү (участоктору) бар ДФЧ кызыкчылыктарын эске алуу;
  • коптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча ДФЧ жана ЖИ үчүн ОЭАден камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө;
  • пенсиялык камсыздоонун анык деңгээли жогорулатуу;
  • төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен пенсиянын өлчөмүн дифференциялоо.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда аталган категориядагы төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн таасир этүүчү факторлорсуз кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмүн аныктоо боюнча Өкмөттүн чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-ж.22.05. №278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы ишеп чыгуу  зарыл.

Мыйзам долбоорунун иш аракетинин мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжалары.

Мыйзам долбоорунун мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжалары жок.

Коомдук талкуулоонун натыйжалары.

 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык  Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий сайттарына жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктыгы. Мыйзам долбоорунун Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келген ченемдери жок. 

Каржылоо булактары.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын ишке ашырылышы республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Жөндөө тассирин талдоо.

Аталган долбоор ишкердик ишин жөнгө салууга  багытталгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республисынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республисынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөндөө тассирин талдоо жүргүзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                                       М. Абулгазиев