Жарыяланган 28.09.2018

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы тарифтик саясат» темасында тегерек стол болуп өттү

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы тарифтик саясат» темасында тегерек стол болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрында, Бишкек ш., Чоң-Арык а. Кыргыз Республикасынын Президенитинин №1 мамлекеттик резиденциясында «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы тарифтик саясат» темасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, ошондой эле бизнес ассоциациялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри З.М. Аскаров, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э. Ирсалиев куттуктоо  сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Джуматаеванын катышуучуларга «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы тарифтик саясат» темасындагы бетачары тартууланды. Бул бетачардын алкагында Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын сереби, учурдагы кырдаал, ошондой эле тарифтердин ченин төмөндөтүүдөгү негизги коркунучтар,  тобокелдиктерди азайтуунун ыктымал багыттары, өз алдынча иштеген жарандарды пенсия менен камсыздоонун дүйнөлүк практикасы көрсөтүлдү.  

Тегерек столдун алкагында төмөнкүдөй актуалдуу темалар талкууланды: чарбалык субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин азайтуу, өз алдынча иштегендер үчүн чендерди (ЖИ), ошондой эле ДФЧ үчүн социалдык камсыздандыруу саясатын кайра карап чыгуу.