Жарыяланган 11.09.2018
Окуу борбору аймактарды кыдырууда
Окуу борбору аймактарды кыдырууда
КРСФнун Окуу борбору республика аймактарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жарандардын сабаттуулугун жеринде жогорулатуу максатында барып жатышат.Өткөн апта ичинде Окуу борборунун директорунун орун басары Акматалы Якубов жана даярдоо, кайрадан даярдоо жана кызматкерлердин билимин жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси Эльмира Оморова Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда болуп кайтышты.
Аталган райондордо жолугушууга келген жарандардын пенсиялык саясатка болгон кызыгуулары күч. Алдын ала макулдашылгандай жолугушууга райондун аймагындагы айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери жана дыйкан-фермердик чарбалардын өкүлдөрү келишти.Суроолор абдан көп болду. Окуу борборунун бул иш сапарлары Кыргыз Республикасында жарыяланган “2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылынын”алкагында мерчемделген иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн болууда.
Жогорудагыдай иш сапарлар бул аптада Ысык-Көл облусунун аймагында да уюштурулуп, андан соң башка региондордо улантылат.