Жарыяланган 27.06.2018

Соцфонд командасы эркектер арасында стол теннис боюнча 2-орунга ээ болду.

Соцфонд командасы эркектер арасында стол теннис боюнча 2-орунга ээ болду.

2018-жылдын 23-28-июнунда, Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында Спартакиада болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун атына стол тенниси боюнча курама командасы эркектердин арасында:

С.Касымов – КР Соцфондунун эл аралык кызматташуу секторунун жетектөөчү адиси; Т.Бердибек уулу – КР Соцфондунун Чүй-Токмок райондук башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Соцфонддун намысын коргошту.

Финалдык таймашта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун командасы  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен кездешип, жеңилүү ызасын тартып 2 – орунга ээ болду.

Команда ардак грамотасы жана чөйчөк менен сыйланды.