Жарыяланган 13.06.2018

Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси

Майыптыгы боюнча пенсия алуу үчүн ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга үстөктөрдү чегерүү үчүн Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө документтердин тизмесинде көрсөтүлгөн документтерге кошумча.

1) -  алуучунун паспорту

- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

- КР аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - КР ички иштер органдары тарабынан берилген жашоо укугуна берилген уруксат.

2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын белгилөө жөнүндө корутундусу.

3) эмгек китепчеси;

4) ООЖду же ЖОЖду бүткөндүгүн тууралуу диплом (окуу 1999-жылдын 19.02. чейин эсептелет. Күндүзгү бөлүм);

5) аскердик билет;

6) аялдар үчүн - балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

7) 1992-1995-жж. жеке ишканаларда иштеген же жеке ишмердик жүргүзгөн адамдар үчүн – СФ органдары тарабынан берилген ошол мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү тууралуу маалымкат;

8) 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен каалаган 60 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкаттар;

9) 1996-жылдын 1-январынан тартып иштегендиги жана эмгек акысы жөнүндө иш берүүчү тарабынан берилген маалымат;

10) башка фамилияга берилген документтер болгондо никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк;

10) баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Багуудагы адамдын документтери:

11) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт.

12) үстөк акыларды алууга укугун ырастаган документтер:

- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата мекендик согуштун майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү;

- "Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу" күбөлүгү;

- "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин ардактуу донору", "СССРдин ардактуу донору" күбөлүгү;

- сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат;

- II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат;

- СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер;

Майып адам аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда, камкорчунун арызына камкордук кылуу органынын камкорчуну дайындоо жөнүндө чечими тиркелет.