Жарыяланган 25.05.2018

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн.

Конкурска катыша турган башкаруучу компаниялар конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИНН 02904199410050

ОАО «РСК Банк»                

р/с 1299004140020138

БИК 129001.

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген  конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 10 каб.  дареги боюнча 2018-жылдын 25-июнунун саат 15.00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча       2018-жылдын 26-июнунда саат 14.00дө ачылат.

Келишим түзүү мөөнөтү: конкурстун жыйынтыктарын жарыялангандан кийин 3 ай.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 10-каб., тел. +996 (312) 543766.


  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн депозитарийди тандап алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн.

Конкурска катыша турган депозитарийлер конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИНН 02904199410050

ОАО «РСК Банк»                

р/с 1299004140020138

БИК 129001.

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген  конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 10 каб.  дареги боюнча 2018-жылдын 27-июнунун саат 15.00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча 2018-жылдын 28-июнунда саат 14.00дө ачылат.

Келишим түзүү мөөнөтү: конкурстун жыйынтыктарын жарыялангандан кийин 3 ай.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 10-каб., тел. +996 (312) 543766.