Жарыяланган 11.03.2016

Басма сөз өкүлдөрү пенсия жөнүндө билим алышты

Басма сөз өкүлдөрү пенсия жөнүндө билим алышты

Коомчулуктун пенсиялык сабаттуулугу кандай жана пенсиялык реформалар эмнени көздөйт? Бул суроолор эчактан бери көптөгөн жалпыга маалымдоочу каражаттарда күн тарибиндеги маселелерге айланганын байкап жүрөбүз. Мамлекеттик социалдык пенсиялык саясатты элге обьективдүү  жеткирүү  үчүн адегенде жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнө туура багыт берүү керек экендигин демилгелеген Социалдык фонддун борбордук аппараты республикалык бир топ маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнө эки күндүк семинар өтүштү.

Семинардын демилгечилери катышуучуларга  өлкөнүн Социалдык фондунун түзүмү жана ишмердүүлүгү, соңку мезгилдердеги реформалар жана коомчулуктун айрым бөлүгүн удургуткан көйгөйлөргө кеңири түшүндүрмө берүүнү көздөшкөнүн белгилешти .

Калем ээлерине семинарды уюштуруунун себебин, күтүлүүчү натыйжалар жана мындан ары кызматташуу туурасында баарлашуу учурунда борбордук аппараттын жетекчиси Медер Ирсалиев “биздин башкы максатыбыз сиздер аркылуу коомчулуктун пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу”,-деп белгиледи. – Кыргыз  Республикасынын Социалдык фонду ушул таптагы пенсионерлерге кам көрүү менен катар  келечекте  пенсия алуучу муун азыртан даярдык көрүүсүнө жетишкибиз келет. Себеби убакыт тез өтөт, азыркы күч-кубатка толуп турган муунга да пенсияга чыгуу учуру келет. Андыктан келечектеги пенсияңдын өлчөмү  бүгүнкү  камсыздандыруу төгүмдөрүңдөн көз каранды экенин жалпыга маалымдоочу каражаттар аркылуу жайылтууну каалайбыз,-деди аппарат башчысы журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берип жатып.

“Пенсиялык система система: негизги түшүнүктөр жана өнүгүүнүн моделдери” деген тема боюнча Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси Гүлнур Жуматаеванын баяндоосу да маалымат таратуучулардын көп сандаган суроолоруна жооп берүү менен коштолду.

Бул семинарда маалымат жайылтуучуларга “Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору”; “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү”; “Социалдык фонддун системасындагы административдик реформа жана коррупцияга каршы ишмердүүлүк”; “Кыргызстандагы пенсиялык системанын топтолуучу компоненти”; “Калкты жекече эсепке алуу системасынын  уюштурулушу” деген темалар боюнча кеңири баяндамалар берилди.

Тренингдин жүрүшүндө лекторлор менен массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн ортосунда пенсия маселеси боюнча кызуу пикир алмашуулар болду. Эки күн ичинде ишкерлердин, айылдык фермерлердин, дыйкандардын келечектеги пенсиясы туурасында көйгөй жаратышы, бийик тоолуу райондордо 45 жаштан пенсияга чыккандар, профсоюздук түзүмдөрдүн кетирип жаткан кемчиликтери тууралуу маалыматтар айтылды. Мындан сырткары, Соцфондго которулуп жаткан акча каражатынын канчасы профсоюзга, канчасы пенсияга багытталары жана башка пенсияга байланышкан маселелердин тегерегинде пикир алмашуулардын негизинде журналисттер кеңири маалымат алышты.