Жарыяланган 8.05.2018

КР Соцфонду Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге материалдык жардам көрсөттү

КР Соцфонду Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Улуу Ата Мекендик согуштун Жеӊишинин 73 жылдыгын белгилөө иш чараларынын алкагында, Социалдык фонддун Башкармасынын чечими менен, республиканын бардык аймактарында жашаган ар бир согуштун ардагерине 5 миӊ сомдон материалдык жардам берди.

Ошондой эле Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгын майрамдоого согуштун жана оруктун ардагерлерине Кыргыз Республикасынын Ардагерлердин, майыптардын коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюму жана «Кайрымдуу күчтөрдүн союзу» коомдук бирикмеси аркылуу материалдык жактан колдоо көрсөтүлдү.

Аталган иш чаранын алкагында 2018-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын тургундары, согуштун ардагерлери үчүн Социалдык фонддун жетекчилигинин катышуусу менен майрамдык салтанат өткөрүлүп, уюштурулган сый тамак ардагерлерге арналган ыраазычылык, куттуктоолор жана каалоо тилектер менен коштолду.