Жарыяланган 11.03.2016

Билим өркүндөтүү

Билим өркүндөтүү

“Социалдык фонддун аймактардагы райондук-шаардык түзүмдөрү калкты пенсиялык камсыздоо системасында жүргүзүлүп жаткан саясатты ишке ашырууда, реформалардын жемиштүү болушуна, өнүгүү Концепциясынын негизги максатына жетишүү үчүн бирден-бир күч болуп калуусу абзел”.

Мындай талап Окуу борбору  райондук-шаардык башкармалыктардын жетекчилери үчүн  уюштурган семинарда Социалдык фонддун  жетекчилиги тарабынан айтылды. 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси Гүлнур Жуматаеванын белгилөөсүнө караганда  алдыда жасалуучу көп иштер бар, мамлекеттик пенсиялык камсыздоонун ырааттуу өркүндөшү үчүн  Социалдык фондко чоң жоопкерчилик жүктөлгөн жана элдин пенсиялык камсыздоонун ырахатын көрүүсү үчүн  көп аракет талап кылынат. Ал аракет ар бир кызматкердин жөндөмү менен иш билгилигинен көз каранды. Андыктан  пенсиялык  камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясында белгиленген иш-мерчемдерди майнаптуу аткаруу үчүн аймактык түзүмдөр жана алардын  жетекчилери мезгилден артта калбашы керек.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күч алган чакта Соцфонддун системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү саясаты кандай жүрүүдө жана  коррупциялык көрүнүштөрдү чечүүнүн кандай жолдору бар? Бул багытта аймактык башкармалыктардын жетекчилерине КРСФнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым өкүлү Бакыт Калмуратов практика менен айкалышкан дарс окуду.

Ал эми Киреше башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова семинардын катышуучулары менен маңдай – тескейлеш форматта баарлашып, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү “ мыйзамга 2015-жылдын 19-мартында киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү субьекттерден эски карыздарды өндүрүүнүн жолдору жана ыкмалары жөнүндө жаралып жаткан маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

Жергиликтүү жетекчилердин назарына андан сырткары жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби, жарандарга пенсия пенсия чектөөнүн жана кайра эсептөө жаатындагы маселелер, КРСФнын ишмердүүлүгүндө мамлекеттик сатып алуу кызматын уюштуруунун жолдору, регионалдык түзүмдөрдө тендер өткөрүү менен уюштуруу, кызматкерлерди натыйжалуу жетектөө, башкаруудагы жаңыча ой жүгүртүү, жетекчинин эмоционалдуу  компетенттүүлүгү, мамлекеттик кызматкерлердин психологиясы жана этикасы өңдүү дарстар тартууланды. Аталган темалар менен бирге пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева “Пенсия  чектөө жана кайра эсептөө боюнча иш алып барууну көзөмөлгө алуу” жөнүндө кеңири маалымат камтылган баян курду.