Жарыяланган 3.05.2018

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнүндɵ» Мыйзамга ɵзгɵртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Мыйзам жарандарга пенсияны дайындоо тартибин жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык, эмгек китепчеси жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын тастыктоочу негизги документ болуп эсептелет.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алуу Социалдык фонд жана анын аймактык органдарына жүктөлгөн.

Мыйзам кандай учурларда эмгек китепчесиндеги жазуулар так эмес деп таанылууга тийиштиги тууралуу ченем менен толукталган.

Мыйзам менен орточо айлык акыны аныктоо үчүн маалыматтарды берүү милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте пенсия дайындала турган арыз ээсине жүктөлгөн.

Мыйзамда камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү укугу бекитилген.

Мыйзам 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 4-пунктунун 5-абзацын кошпогондо 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.