Жарыяланган 12.04.2018

Социалдык фонддун жалпы кирешеси 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 48912,0 млн. сомду түздү

Социалдык фонддун жалпы кирешеси  2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 48912,0 млн. сомду түздү

Социалдык фонддун жалпы кирешеси  2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 48912,0 млн. сомду түздү

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты эске алганда 48912,0 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,4 %), бул бекитилген бюджеттен 101,6 % көп.  2016-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 4 211,5 млн. сомго же 109,4% көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагы 28004,4 млн. сомдун ордуна 28739,6 млн. сомго суммасында түштү, план 102,6 %га же 735,3 млн. сомго көп аткарылды. 2016-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн  жыйналышынын өсүшү 2181,3 млн. сомду, же 108,2 % түздү.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2017-жылы 17560,1 млн. сом суммасында түштү.

 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун чыгымдары 46462,6 млн сомду түздү, бул 2016-жылга салыштырмалуу 4150,3 млн. сомго көп.

2017-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 39033,6 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2018-жылдын 1-январь карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2016-жылга салыштырмалуу пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектөөлөр 3296,9 млн. сомго өстү.

2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөм 5517 сомду түздү же 516 сомго көбөйтүлдү. Пенсияларды жогорулатууга 981,0 млн. сомдун тегерегинде керектелди.

2018-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 633,8 миң адамды түздү, анын ичинен: 336,9 миң адам же жалпы санынын 53 % «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 296,9 миң адам же 47 %  республиканын банктары аркылуу пенсия алышат. 2016-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 16,4 миң адамга көбөйдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2017-жылы 2167,5 млн. сомго, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду 255,3 млн. сомго кошумча каржыланды.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджети 2449,3 млн. сом профицит менен, же бюджетте белгиленген профициттен 793,3 млн. сомго көп аткарылды.