Жарыяланган 24.03.2018

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке катышты

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке катышты

2018-жылдын 24-мартында «Таза жашоо» улуттук кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери ишембилекке чыгышты.

Борбордук аппаратынын жана КР Соцфондуна караштуу "Окуу борбору" жана "Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду" мекемелеринин кызматкерлери "Жеңиш" (Түштүк Дарбазасы) паркынын аймагын тазалашты.

Мындай тазалоо иш-чаралары баардык Кыргызстан боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун регионалдык жана шаардык башкармалыктарынын катышуусунда өтүүдө.

Белгилей кетсек, "Таза жашоо" улуттук кампаниянын алкагында өлкөнү жакшыртуу, санитардык тазалоо жана шаардын аймактарын жашылдандыруу  иш-чаралары  жаздын акырына чейин улантылат.