Жарыяланган 16.03.2018
2017-жылга КР Соцфондунун бюджетин алдын ала аткарылышы
2017-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты эске алганда 48907,5 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,9 %), бул бекитилген бюджеттен 101,6 % көп. 2016-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 4 207,1 млн. сомго же 109,4% көп.
Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагы 28004,4 млн. сомдун ордуна 28742,0 млн. сомго суммасында түштү, план 102,6 %га же 737,6 млн. сомго көп аткарылды. 2016-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйналышынын өсүшү 2183,6 млн. сомду, же 108,2 % түздү.
Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2017-жылы 17560,1 млн. сом суммасында түштү.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2017-жылы Социалдык фонддун чыгымдары 46458,5 млн сомду түздү, бул 2016-жылга салыштырмалуу 4146,2 млн. сомго көп.
2017-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 39033,6 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2018-жылдын 1-январь карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2016-жылга салыштырмалуу пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектөөлөр 3296,9 млн. сомго өстү.
2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөм 5517 сомду түздү же 516 сомго көбөйтүлдү. Пенсияларды жогорулатууга 981,0 млн. сомдун тегерегинде керектелди.
2018-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 633,8 миң адамды түздү, анын ичинен: 336,9 миң адам же жалпы санынын 53 % «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 296,9 миң адам же 47 % республиканын банктары аркылуу пенсия алышат. 2016-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 16,4 миң адамга көбөйдү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2017-жылы 2167,5 млн. сомго, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду 255,3 млн. сомго кошумча каржыланды.
2017-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджети 2449,0 млн. сом профицит менен, же бюджетте белгиленген профициттен 793,0 млн. сомго көп аткарылды.