Жарыяланган 16.03.2018

Соцфонд төлөөчүлөрдү “Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү” наамын ыйгарып, дипломдор менен сыйлады

Соцфонд төлөөчүлөрдү “Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү” наамын ыйгарып, дипломдор менен сыйлады

КР Социалдык фонду 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча “Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү”  наамын ыйгарууга конкурс өткөрдү.

Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү бул кызматкерлерин пенсиялык камсыздоого, милдеттүү медициналык камсыздандырууга, кызматкерлерди жана алардын багуусундагы үй бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоого жана пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук көлөмдө төлөгөн камсыздандыруучу.  

Жыйынтыгында камсыздандыруучулардын региондук органдары тарабынан сунушталган, тандоонун бардык критерийлерине жооп берген төмөндөгү 9 төлөөчү тандалып алынды:

“МЭЛЗ” ЖЧКсы

“Эл Кат Ош” ЖЧКсы

“Сын-Таш” ЖЧКсы

КДВ Бишкек “Ош филиалы” ЖЧКсы

“Даннур Юг” ЖЧКсы

“МЭА” ААКы  

“Кант цемент заводу” ААКы

“Кыргызалтын” ААКнын “АТИФ”

“Газпром нефть Азия” ЖЧКсы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аталган төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө “Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү” наамын ыйгарып, дипломдор менен сыйлады.