Жарыяланган 16.03.2018

Интернет аркылуу жеке эсептен камсыздандыруу көчүрмөсүн алуу

Интернет аркылуу жеке эсептен камсыздандыруу көчүрмөсүн алуу

КР Социалдык фонду жарандар өздүк камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билүү жана on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгондугун билдирет.      

Камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсеби – бул анын жекече идентификациялык номери. Өздүк камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтар жарандын пенсияга укугун жана пенсиясынын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулат. 

Ал үчүн жаран электрондук дарегин көрсөтүп, инсандыгын ырастоочу документ жана арыз менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна же анын региондук башкармалыгына бир жолу кайрылышы керек.

Эми жаранда каалаган убакта жана өлкөнүн, дүйнөнүн каалаган бурчунан Порталга кирип, ЖИНди терип, өздүк камсыздандыруу эсебинен ыкча маалымат алуу, пенсиясынын толуктугун жана тууралыгын текшерүү, аны толуктоо жана өлчөмүн болжолдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Портал аркылуу өздүк камсыздандыруу эсебинен алынган маалыматты медициналык мекемеге, коммерциялык банктарга ж.б. көрсөтүү үчүн дагы пайдаланууга болот.

Бүгүнкү күндө on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн 2 700 жаран катталган.