Жарыяланган 16.03.2018

Электрондук отчеттуулук система

Электрондук отчеттуулук система

Төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчетторду Интернет тармагынын жардамы менен электрондук түрдө берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан иштелип чыккан автоматташтырылган отчет кабыл алуу системасы 2015-жылдын 1-декабрынан тарта ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Бүгүнкү күндө электрондук отчет кабыл алуу системасынын колдонуучулары 9437 түздү жана анын саны күндөн күнгө өсүүдө.

Социалдык фонддун отчет кабыл алуу системасынын артыкчылыгы:

  1. Системаны акысыз колдонуу (эсептик ведомость жөнөтүү акысыз);
  2. Автоматтык түрдө эсептик ведомостко киргизилген маалыматты текшерүү (маалыматты алдын ала  текшерүү);
  3. Электрондук документтин юридикалык күчкө ээ болуусу (кагаз чыгаруунун кереги жок);
  4. Системанын тынымсыз иштеши;
  5. Call-борбору, система менен иштөө тууралуу толук маалымат алуу.