Жарыяланган 20.02.2018

Бишкекте ЕАЭСке мүчө мамлекеттер арасында эмгек-мигранттарын пенсия менен камсыздоо жөнүндө Келишимдин долбоору боюнча Тегерек стол болуп өттү

Бишкекте ЕАЭСке мүчө мамлекеттер арасында эмгек-мигранттарын  пенсия менен камсыздоо жөнүндө Келишимдин долбоору боюнча Тегерек стол болуп өттү

КР Социалдык фонду 2015-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) алкагында ЕАЭСмүчө-мамлекеттердин  ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ЕАЭС мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорунун (мындан ары – Келишимдин долбоору)  үстүндө иштей баштады. Келишимдин долбоорунун бир топ бөлүгү тараптар менен макулдашылды. Россия Федерациясынын (РФ) пенсиялык мыйзамдарына 2015-жылы киргизилген жеке пенсиялык коэффициенттин көлөмүн эсептөө маселеси жөнгө салына элек.

ЕАЭС мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору боюнча ЕЭК 2017-жылдын 28-сентябрындагы өткөн кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия өкмөт аралык кеңешменин 2017-жылдын 14-августундагы № 8 тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Талаш маселелерди мындан ары талкуулоо үчүн ар бир мүчө-мамлекетте ЕАЭС мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө  келишимдин долбоору боюнча көчмө тегерек столдорду (бет ачаарлар) өткөрүү жөнүндө келишимге жетишилди.

Мүчө-мамлекеттерде көчмө тегерек столдорду өткөрүү жөнүндө сунуш ЕАЭС мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарды сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишмердиги маселелери боюнча Консультативдик Комитеттин 2017-жылы 28-сентябрда өткөн 3-жыйынында жактырылган.

Мисалы биринчи көчмө Тегерек стол 2017-жылы 28-ноябрда Казакстан Республикасынын Астана ш. өттү.

Келишимдин долбоору боюнча кезектеги көчмө Тегерек стол Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  2018-жылы 20-февралда Кыргыз Республикасынын Бишкек ш. өттү.

Депутаттык корпусту, Өкмөттүн өкүлдөрүн жана коомчулукту келишимдин долбоорунун үстүндө иштердин жүрүшү жөнүндө  маалымдоо аталган иш-чаранын максаты болуп эсептелет, анда ошондой эле Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан ЕАЭС мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендер үчүн келишимдин кабыл алынышынын артыкчылыктары жөнүндө  презентациясы белгиленип жатат.

Келишимди ишке ашыруу максатында аны менен бирге тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өзара аракеттешүүсүнүн тартибин регламенттеген документ кабыл алынышы  керек. Ушуга байланыштуу аталган Тегерек столдун алкагында Келишимди ишке ашыруу боюна тийиштүү органдардын ортосунда өзара аракеттешүү тартибинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ЕАЭС мүчө-мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү органдарынын ыйгарым укуктуу жана компетенттүү эксперттеринин ортосунда кеңешме өткөрүлмөкчү.