Жарыяланган 12.02.2018

Ош жана Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуу

Ош жана Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын аймактарында өтүүчү жыйындардын графигине алайык, 2018-жылдын 25,26-январында  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар, Каныш-Кыя айылдарындагы жыйындарга КР Социалдык фондунун Төрагасынын биринчи орун басары М. Ирсалиев жана Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Ж. Мукамбетов катышышты.

Ошондой эле 2018-жылдын 5-февралындагы Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол, Сары-Таш айылдарындагы жыйындарга КР Социалдык фондунун Төрагасынын орун басары У. Асанов жана Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Ж. Мукамбетов катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, пенсиялык жана тарифтик саясат маселелери боюнча берилген суроолорго толук жооптор берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда Алай районунун Сары-Могол айылынын тургундары менен жолугушууда жашы пенсия курагына жетип, бирок жер үлүштөрү жоктугунан 250 жарандын пенсияга чыгуу маселеси чечилбей жаткандыгынын негизги себептери, жер үлүшүн бөлүштүрүп берилсе маселени чечүү карала тургандыгы тууралуу, ал эми Сары-Таш айылынын тургундары менен жолугушууда жашы пенсия курагына жетип, бирок Сары-Таш айылы союз кезинде шаар тибигиндеги поселок катары катталып, жергиликтүү калкка жер үлүштөрү берилбегендиктен 42 жарандын пенсияга чыгуу маселеси чечилбей жаткандыгы, жер үлүштөрүн азыркы учурда бөлүштүрүүгө болобу деген маселелер каралды.