Жарыяланган 2.02.2018

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

        Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсия менен камсыз кылуу системасы жөнүндө калктын калың катмарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул кампанияны жүргүзүүдө КРСФнун “Пенсия” журнал-басылмасы негизги орунду ээлейт. Мындан тышкары, Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрүп, пенсия маселелери боюнча кеңири маалымат берип, алардын суроолоруна тийиштүү жооптору берилүүдө.

2018-жылдын январь айында КРнын Каржы министрлигинин, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик информациялык технологиялар комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КРнын мамлекеттик мүлк фондунун, КРнын Тышкы иштер министрлигинин эмгек жамаатына лекция-семинарлар өткөрүлдү.