Жарыяланган 1.02.2018

Кореяда иштеген кыргыз жарандары топтолгон пенсилык төлөмдөрүн алууга укуктуу

Кореяда иштеген кыргыз жарандары топтолгон пенсилык төлөмдөрүн алууга укуктуу

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында    Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан (мындан ары – УПК) пенсиялык каражаттарды төлөп берүү маселеси боюнча Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматы менен кызматташууда.

Меморандум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-ж.
2-декабрындагы № 579 буйругу менен бекитилген, ага ылайык Корея Республикасынын аймагында эмгектенип жүргөн эмгек мигранттары улуттук мыйзамдарга ылайык Корея Республикасынын жарандарындай эле пенсиялык укуктарын түзө алышат.          Камсыздандыруу учуру келгенде (пенсиялык куракка жеткенде, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылганда, каза болгондо, башка өлкөгө туруктуу жашоого көчкөндө) Кореянын УПК пенсиялык топтоолорду төлөп берет. Эмгек мигранты Кореядан өз өлкөсүнө кеткенде камсыздандыруу учуру жетип пенсиялык төлөмдөрдү алуу укугу келип чыгат. 

Меморандум Кореянын УПК пенсиялык каражаттарды бир жолку төлөп берүүгө Кыргызстандын жарандарынан арыздарды кабыл алууну тартипке салууну белгилейт. КР жарандары тарабынан Кореянын аймагында иштеген мезгилинде топтолгон жана Корея аймагында талап кылынбаган пенсиялык топтоолор (камсыздандыруу төгүмдөрү жана аларды инвестициялоонун натыйжасында алынган киреше) бир жолку төлөмдөргө жатат.    Жарандар эгерде Кореяда иштеген жана Кореядан чыгып жатканда пенсиялык төлөмдөрүн албаган адамдардын мураскору болсо аталган пенсиялык төлөмдөргө укуктуу.

Меморандумду ишке ашыруу максатында КР Соцфонду менен  «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы (МИ) ортосунда Кореянын УПК тапшырык бандеролдорун жөнөтүү боюнча почталык кызмат көрсөтүү тууралуу келишимге кол коюлган.

 КР Социалдык фонду бир жолку төлөмдөрдү алууга Кыргызстандын жарандарынан арыздарды кабыл алат, арызга тиркелген документтердин пакетинин толуктугун текшерет, арыз берүү фактысын белгилейт жана пенсиялык топтоолордун төлөмдөрүн мындан ары уюштуруу үчүн Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

Бир жолку пенсиялык төлөмдөр үчүн кайрылуу катталган жана жашаган жерине карабастан Кореянын УПК КР Соцфонддун региондук органына пенсияларды бир жолку төлөп берүүгө арыз жана эл аралык которууга арыз берүү аркылуу арыз ээси же ишеним берилген адам аркылуу жүргүзүлөт. Арызга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун талаптарына ылайык документтер тиркелиши керек. 

 

Алуучу Кореядан кетүү ниетин бышыктоо үчүн авиабилет сатып алгандан кийин Кореянын аймагында бир жолку пенсиялык төлөмдөрү үчүн Кореянын УПК арыз берүү укугуна ээ.

 

Керектүү документтердин тизмеси:

1.         Жалпы жарандык паспорт (сүрөтү, штампы,Кореядан чыгып кеткен датасы менен бетинин көчүрмөөсү) ;

2.         ID –карта;

3.         Чет элдик жарандын  Корея Республикасындагы  каттоо картасынынын көчүрмөсү;

4.         Банктык көчүрмө, арыз ээсинде бир жолку төлөмдөрдү  алуу үчүн эсеп ачылыш керек ;

5.         Почта бөлүмдөрү менен берилген тиешелүү маркалар менен  конверти жана  «Кыргыз Почтасы» МИ тарабынан берилген тапшырык катты жөнөтүү жөнүндө акы төлөө квитанциясы;

6.         Эгерде Корея өлкөсүнөн чыгуусунан кийин арыз ээсинде фамилиясы же аты өзгөрүлсө алмашуу боюнча документин берүүгө зарыл;

Бардык документтер жарактуу болушу керек!

Бардык зарыл документтер болгон учурда (салыштыруу үчүн көчүрмөсү жана оригинал)  арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө  колдо болгон арыздардын формаларын толтурат.