Жарыяланган 19.01.2018

Соцфонддук Бишкек ш. райондук башкармалыктардын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында окуу өткөрдү.

Соцфонддук Бишкек ш. райондук башкармалыктардын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында окуу өткөрдү.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамга жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө” Нускамага кирген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, райондук башкармалыктарынын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Киреше башкармалыгы 2018-жылдын үчтүн айынын 19унда Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов жана Биринчимай райондук башкармалыктарынын жеке ишкелер менен иш алып баруу бөлүмүнүн адистерине окуу өткөрдү.

Окуу алкагында камсыздандыруу полистерин туура жазуу, жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин туура колдонуу, фонддорго бөлүнүшү жана ошондой эле коммерциялык банктар, банкоматтар жана төлөө терминалдары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жолдору тууралуу маселелер талкууга алынды.