Жарыяланган 8.07.2015

Май айында Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүн 120 млн. сомго көп чогултту.

Май айында Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүн 120 млн. сомго көп чогултту.

 2015-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 1 млрд. 950 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. 

Өткөн жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу өсүш 106,6% түздү же 120 млн. 200 миң сомго көп жыйналды.

Ошондой эле  аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдик берилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар үстүдөгү жылдын май айында 1 млрд 379 млн сом суммасында түштү.