Жарыяланган 5.01.2018

Мамлекеттик органдардын 15 коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жарыяланат

Мамлекеттик органдардын 15 коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жарыяланат

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин,  министрлик жана административдик ведомстволордун ишине байланыштуу тармактардын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жаңы/учурдагы коомдук кеңештеринин курамына шайлоо үчүн сынакка документтерди кабыл алууну жарыялайт:

2018-жылдын 15-январына дейре (кошо эсептегенде):

  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу)
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу)
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин КК (аялдардын талапкерлиги кабыл алынат)
  • КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду (аялдардын талапкерлиги кабыл алынат)

2018-жылдын 31-январына чейин (кошо эсептегенде):

  • Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын КК;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекетик агенттигинин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын КК;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун КК

Бир уюмдан тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Сынакка катышуу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү: арызын, сүрөтү менен таржымалын, талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусундагы жеке көрө билүү сыпаттамасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына – Комиссиянын катчылыгына 2 сунуштама катын тапшыруусу керек.