Жарыяланган 23.07.2015

Бала кезинен майыптардын энелеринин пенсияга чыгуу курагын этап этабы менен азайтуу жөнүндө мыйзам долбоору

Бала кезинен майыптардын энелеринин пенсияга чыгуу курагын этап этабы менен азайтуу жөнүндө мыйзам долбоору

Соцфонд бала кезинен майыптардын энелеринин пенсияга чыгуу курагын этап этабы менен азайтууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунда пенсияга чыгуу үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стаждын ченемдерин киргизүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын аймактарында жашаган жана иштеген адамдардын пенсияга чыгуу курагын этап этабы менен жогорулатуу, ошондой эле бала кезинен майыптардын энелеринин пенсияга чыгуу курагын этап этабы менен азайтуу, «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге үстөк акыларды төлөп берүү каралган. 

2015-жылдын 22-апрелинен тартып мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн КРӨ сайтына жайгаштырылган.

Аталган мыйзам долбоору министрликтердин жана ведомстволордун сын пикирлерин жана сунуштарын эске алып КР Юстиция министрлигине жиберилген.