Жарыяланган 1.12.2017

КР Соцфондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору жөнүндө маалымат

КР Соцфондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 51086887,9 миң сом жана 2019-2020-жылдарга божомолу 53207078,7 миң сом жана 55545878,8 миң сом суммасында түзүлдү.

2018-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 29536808,2 миң сом суммасында белгиленди.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 19852358,0 миң сом суммасында каралган, анын ичинде убактылуу карызга алынган акча каражаттарынын кайтарылышы 263800,0 миң сом.

Акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттардын калдыгына эсептелген  пайыздардын, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин, туумдар менен айыптардын жана башка булактардын эсебинен башка кирешелердин түшүшү 188492,0 миң сом суммасында болжолдонууда.

2018-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгымдары 49850035,3 миң сом суммасында күтүлүүдө.

2018-жылга Социалдык фонддун бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 551412,0 миң сом көлөмүндө каражат каралууда.

2018-жылы сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө 377338,4 миң сом каражат каралып жатат.

2018-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2191267,8 миң сом багыттоо белгиленүүдө, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды тындырууга 64241,3 мин сом.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 266778,6 миң сомду түзөт, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды тындырууга 9728,6 мин сом.

2018-жылы инвестициялоодон түшкөн кирешелер 1723121,5 миң сомду түзөт.

2018-жылы бюджеттин профицити 1236852,6 миң сом суммасында белгиленүүдө.