Жарыяланган 1.12.2017

КР Соцфондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору жөнү

КР Соцфондунун 2017-жылга бюджети жана

2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору жөнүндө маалымат

 

 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилип жатат.  

Кирешелер 48144991,4 миң сомго такталды же бекитилген бюджеттен 2207490,3 миң сомго көп түзүлдү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2017-жылы 28004359,5 миң сом суммасында же 1266425,9 миң сомго көбүрөөк такталды, башка кирешелердин түшүшү 2017-жылы 192443,7 миң сом суммасында же бекитилген бюджеттен 14848,0 миң сомго көбүрөөк такталды.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын такталган суммасы 17560055,2 миң сомду түздү же 38083,4 миң сомго көп.

КР Социалдык фондунун бюджетинин чыгымдары 2017-жылга 46488988,3 миң сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 553324,3 миң сомго көп.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары 2167451,6 миң сом суммасында же бекитилген бюджеттен 91881,0 миң сомго көп, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунуку мурунку жылдардагы карыздардын жоюлушун эске 255237,9 миң сом суммасында же бекитилген бюджеттен 9991,0 миң сомго көп такталды.

Киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин 2017-жылы 1656003,1  миң сом суммасында Социалдык фонддун бюджетинин профицити пландалууда.