Жарыяланган 3.10.2015

КР Президенти А.Атамбаев жана Соцфонддун төрагасы М.Абулгазиев келерки пенсияларды жогорулатууну талкуулашты

КР Президенти А.Атамбаев жана Соцфонддун төрагасы М.Абулгазиев келерки пенсияларды жогорулатууну талкуулашты

2015-жылдын 16-июнунда КР Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Социалдык фонддун иши, пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, ошондой эле пенсиялардын каржыланышы жана аларды башкаруу маселелери тууралуу маалымат алды. М.Абулгазиев  КР пенсиялык камсыздоону өнүктүрүү концепциясынын алкагында ишти мындан аркы өркүндөтүү боюнча пландары жана пенсиялык камсыздоо системасын реформалоонун негизги артыкчылыктары жөнүндө сөз кылды. А.Атамбаев жана М.Абулгазиев үстүдөгү жылдын 1-сентябрындагы пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу механизмдерине да токтолушту.

Мамлекет башчысы пенсиялык камсыздоо системасына реформа жарандарга карата бир кыйла адилеттүү болушун жана төлөгөн төлөмдөрүнө жараша  аларды татыктуу пенсия менен камсыз кылууну белгилеп өттү.