Жарыяланган 11.09.2017

Түркияда иштеген мекендештерибиз үчүн жакшы жаңылык!

Түркияда иштеген мекендештерибиз үчүн жакшы жаңылык!

Түркияда иштеген мекендештерибиз үчүн жакшы жаңылык! Жаңы макулдашуу ратификациядан өтсө, Түркияда мыйзамдуу иштеп жүргөндөр пенсия ала башташат. Биздин комитет макулдашууунун долбоорун колдоп бердик. Бүгүн да парламенттик радиодон Соцфондун төрагасы менен кенен талкууладык.

Түркияда иштеген кыргыз мигранттарына төлөнүүчү пенсиялык топтомдор жолго салынат

4-сентябрда Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругунун долбоору каралды. Бул багытта маалымат берген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, келишимдин негизги максаты – Кыргызстан менен Түркияда иштеген жарандар пенсия курагына келгенде стаждарды пропорционалдуу эсептөө шарттарын ишке ашыруу болуп саналат. Учурда кыргызстандык жарандардын 14миңге жакыны легалдуу шартта Түркияда иштеп жатышат. Ал эми түрк жарандарынын Кыргызстанда иштеп жаткан бөлүгү 5,4 миң кишини түзөт.

Эки тарапта мыйзамдуу иштеп жаткан жарандардын пенсиялык төлөмдөрүн убагы келгенде экспорттоо кадамдары такталып жаткандыгын билдирген соцфонддун жетекчисинин белгилешинче, түркиялыктар 25 жыл үзгүлтүксүз стажга ээ болгон эркектер үчүн 60 жашында пенсия төлөп берсе, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чектелет. Пенсинерлердин жалпы саны Түркияда 12 млн. жетет. Алардын орточо пенсиясы 350 долларды түзөт. Ал эми жалпы калкынын саны 82 млн. кишиге барабар.

Талкууда депутат Аида Касымалиева сунушталып жаткан долбоорду колдоорун айтып, Түркиядагы мигранттардын канча бөлүгү пенсия курагында экендигине кызыкты. Социалдык фонддун жетекчилиги берген жоопко караганда, бул тапта Түркияда иштеп жаткан 14 миң кыргызстандык мигранттардын 20%ы пенсия курагындагылар.

Түштүк Кореяда иштеген мигранттар дагы иштеген стажысы боюнча пенсиялык топтомдорун кайтарып алууга укуктуу. Бул тууралуу тиешелүү келишимдерге жетишилген. Ал эми Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер арасында бир аз талаш – тартыштуу суроолор бар. Бул Россияга мүнөздүү суроо, - деди Т.Абжапаров.

Жыйынтыгында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругунун долбоорун жактырды.