Жарыяланган 3.10.2015

Өкмөт пенсияны жогорулатууну талкуулады

Өкмөт пенсияны жогорулатууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Абулгазиев пенсиялык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча баяндама жасады. Төраганын айтымында 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап кесиптик стажы 40 жылдан ашкан эркектер үчүн 35 жылдан ашык стажы бар аялдар үчүн ошондой эле

1-топтогу майып пенсионерлер үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 500 сомго жогорулатылат.

 2015-жылдын 18-июнунда КР Премьер-министри Темир Сариев төрагалыгы астында Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Социалдык фондунун төрагасы М.Абулгазиев пенсиялык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча баяндама жасады. Төраганын айтымында 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап кесиптик стажы 40 жылдан ашкан эркектер үчүн 35 жылдан ашык стажы бар аялдар үчүн ошондой эле 1-топтогу майып пенсионерлер үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 500 сомго жогорулатылат.

Бул максаттарга 845 миллион сом талап кылынат. Соцфонддун башчысы бул каражаттар бюджетте каралганын белгиледи. Өкмөт мүчөлөрү тийиштүү токтомдун долбоорун жактырышты.