Жарыяланган 21.08.2017

2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсия жогорулайт

2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсия жогорулайт

2017-жылдын 18-августунда КР Премьер-министри С.Ш. Жээнбеков КР Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж. Абжапаровду кабыл алды. Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө» № 491 жана «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» № 492 токтомдоруна 2017-жылдын 18- августунда кол коюлду.

2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо механизми төмөнкүлөрдү камтыйт:

- пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,05 индексациялоо коэффициентине, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексациялоо. Индексациялоо коэффициенти өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнүн жана эмгек акынын өсүшүнүн негизинде эсептелет;

- пенсиянын базалык бөлүгү 2017-жылдын 1-октябрынан тартып 1780 сом өлчөмүндө белгиленет, же 280 сомго өсөт;

- I топтогу майыптардын пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун (ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет (4304 сом), ал эми 2016-жылдын 1-октябрынан тартып чектелген пенсиялар үчүн – 2015-жыл үчүн ПЖМдан төмөн эмес белгиленет (4637 сом).

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 516 сомго жогорулайт жана жыл башына карата 108,6%га, ал эми жогорулатуу мезгилине карата - 110,3%га өсүш менен 5517 сомду түзөт.

2017-жылдын 1-октябрынан тартып 626,9  миң пенсионердин пенсияларын жогорулатууга жалпысынан 981,0 млн.сом каражат керектелет. Октябрь айында пенсионерлер, төлөө графигине ылайык жогорулатылган өлчөмдөрдө пенсияларын алышат.