Жарыяланган 16.08.2017

2017-жылдын 3 –августунда КР Социалдык фондунда КР СФ төрагасынын биринчи орунбасары М.Э.Ирсалиевдин Бишкек шаарынын базарларынын жана соода борборлор

2017-жылдын 3 –августунда КР Социалдык фондунда КР СФ төрагасынын биринчи орунбасары М.Э.Ирсалиевдин Бишкек шаарынын базарларынын жана соода борборлор

Жолугушууда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө баяндалды

(2017-жылдын 29-июнундагы № 112 КР Мыйзамы).

Ыктыярдуу патентин негизинде иштеген, ошондой эле базарларда (контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө, лотоктордо жана соода орундарында) иштеген жеке ишкерлер үчүн 2017-жылдын 15-июлунан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо бир айлык эмгек акынын 6% жана 3% төмөндөтүлдү. Мурда алар 8% жана 4% төлөп келишкен. Мындан сырткары орточо бир айлык эмгек акыдан ставканы эсептөө базасы төмөндөтүлдү. Натыйжада жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн 2 эсеге аз төлөшөт.

Мындан сырткары жеке ишкердик жүргүзгөн пенсионерлер, ошондой эле  I жана II топтогу майыптар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толугу менен бошотулду.

Жолугушуунун катышуучулары камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн зарылдыгына макулдугун айтышты, төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле  Социалдык фонд тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу иштерин жакшыртуу боюнча каалоолорун айтышты.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн базарлардын жана соода орундарынын администрациясы менен жеке ишкерлердин жолугушуусун уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

 

Материалдар менен шилтеме (слайд) боюнча таанышсаңыздар болот