Жарыяланган 3.10.2015

2015-жылдын 1-сентябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулайт.

2015-жылдын 1-сентябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулайт.

Сентябрдагы кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 4817 сомду түзөт же өсүш 105,6 %. Үстүдөгү жылга пенсияны жогорулатууга жалпысынан Пенсиялык фонддун каражаттарынан 845 млн. сом кошумча керектелет.

Бүгүнкү күндө Социалдык фонддо 593 миң пенсионер катталган, алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 4562 сом, бул пенсионердин жашоо минимумуна карата 103 % түзөт. 

Эмгекке жана камсыздандыруу системасына катышууга дем берүү иштеп жаткан пенсиялык системада эң бир маанилүү милдеттерден болуп саналат. Буга байланыштуу, 35-40 жылдык жана андан ашык иш стажы бар көп жылдык жана акниет эмгеги үчүн эмгектин ардагери болушкан пенсионерлерди колдоо керек. Ошондой эле калктын бир кыйла аялуу катмарын анын ичинде
1-топтогу майыптарды социалдык жактан коргоо көйгөйү дагы бар. Пенсионерлердин жалпы санынын 9 миңдейи 1-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алышат.

Мисалга, 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап төмөнкүлөр сунушталууда:

1. Эсептелген жалпы камсыздандыруу стажы: эркектер үчүн – 40 жыл жана андан жогору, аялдар үчүн – 35 жыл жана андан жогору болгон адамдардын (215 миң 400 пенсионердин төлөмдөрүнө 430 млн. 800 миң сом кошумча керектелет), жана 1-топтогу майып пенсионерлердин (9 миң 100 пенсионердин төлөмдөрүнө 18 млн. 200 сом кошумча керектелет) пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрүн 500 сомго жогорулатуу.

2. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин дайындалган калган пенсионерлердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүктөрү 250 сомго жогорулатылат. 391 миң 500 пенсионердин төлөмдөрүнө 371 млн. 900 миң сомдун тегерегинде кошумча керектелет.

3. Биринчи камсыздандыруу бөлүктү (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акы боюнча чектөөлөрдү алып салуу. Азыркы учурда чектөө 8000 сомду түзөт. Чектөөнү алып салуунун натыйжасында 8,8 миңдей адам кошумча орточо 200 сомдон 1800 сомго чейин жана стажы 35 жана андан көп болсо андан көбүрөөк алышат, буга 24,0 млн. сом каражат талап кылынат.