Жарыяланган 26.05.2023

Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Улан Жума уулунун, Социалдык фонддун түзүмдүк башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда мамлекеттик тилди өркүндөтүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Ошондой эле, бул жыйынга Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери онлайн форматта катышты.

Мындан тышкары, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышып, алар мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө Социалдык фонддун аткарып жаткан иштери тууралуу өздөрүнүн пикири менен бөлүшүп, айрым жагдайлар боюнча сунуштарын беришти.

Маалымат үчүн:
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн Социалдык фонддун 189 кызматкери  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинен сынактан өткөн. Анын ичинен С1 жогорку деңгээлинде  - 126, В2 деңгээлинде - 25, В1 деңгээлинде - 27, А2 деңгээлинде – 7, А1 деңгээлинде – 4 кызматкер атайын сертификаттарга ээ болушкан. Белгилей кетүүчү жагдай, мында мамлекеттик тилди эң жогорку деңгээлде билген кызматкерлер 70%ды түзгөн. Буга кызматкерлердин мамлекеттик тилге болгон мамилесин жакшыртууга карата аткарылган иш-чаралар өбөлгө түзгөн.    

Ал эми, тесттен өтө элек кызматкерлерди 2023-жылдын аягына чейин тесттен өткөрүү мерчемделүүдө.