Жарыяланган 25.05.2023

Ош жана Жалал-Абад облустарында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окуулар болуп өттү

Ош жана Жалал-Абад облустарында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окуулар болуп  өттү

КР Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемеси тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында облус, район жана чакан шаарларда окутуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Кезектеги окуулар Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Кара-Суу, Араван, Сузак райондорундагы чакан жана орто ишкердик кылган ишкерлерге, ири салык төлөөчүлөргө Социалдык фонддун жана Салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусу менен уюштурулду.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө суроо-жооптор орун алып, катышуучулар тарабынан топтомо фонду жөнүндө, азыркы өзгөрүлгөн тарифтер, чакан жана орто ишкердик менен алектенген салык төлөөчүлөрдү көмүскө экономикадан чыгаруу максатында төгүмдөрдүн жеңилдетилген өлчөмдөрү жөнүндө жана ипотекалык насыяларга топтомо фондундагы акча каражаттарын алуу жолдору тууралуу суроолор берилип, адистер тарабынан так жооптор берилди. Ошондой эле бир катар өтүнүчтөр менен маселени чечип берүү боюнча кайрылуулар келип түшүп, бул сыяктуу окууларды көбүрөөк өткөрүп туруусун суранышты.

Ал эми ишкерлер тарифтик чендерди азайтууну суранышты. Учурда, мыйзамга ылайык жумушчу 27,25% ставкадагы төгүмдү Социалдык фондго төлөөгө милдеттүү. Анын 17,25%ы иш берүүчү тарабынан төлөнөт. Бул пайыздагы төгүмдөр ишкерлер үчүн жогору болгондуктан, тарифтерди 14%, 22%ке түшүрүп берүү өтүнүчтөрү да айтылды.

Эске сала кетсек, 2021-жылы КР Президенти Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү каралган.