Жарыяланган 24.05.2023

Соцфонддун адистери облус, район, шаарларды кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Соцфонддун адистери облус, район, шаарларды кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

КР Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемеси тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык-түшүндүрүү окутуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Жакында Социалдык фонддун “Окуу борбору” мекемесинин директорунун орун басары А.Бөлөкбаев, башкы адис Э.Оморова, А.Чынтемирова жана Социалдык фонддун кирешелер башкармалыгынын башкы адистери М.Байгончоков, А.Султанбекова Чүй облусунун Кара-Балта, Токмок, Кант шаарларынын жеке ишкерлери менен жергиликтүү салык кызматкерлеринин катышуусунда социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин ченемдерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча окуу семинарларды өткөрүштү.

Окуулардын жүрүшүндө жер жерлердеги жеке ишкерлер, тигүү ишканаларынын жетекчилери, чакан жана орто ишкердик субьектери өздөрүнө тиешелүү суроолорду беришип, адистерден так маалыматтарды алышты. Айрым суроолорго токтоло кетсек.

- Юридикалык жакты түзгөн тигүү ишканасында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кандай жүргүзүлөт?

- Тигүү өндүрүшүндө жалданма кызматкерлери 50 адамдан ашкан юридикалык жактар жалпы жонунан 12 пайыз камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшөт. Анын ичинен, иш берүүчүлөр орточо эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген өлчөмдөн 2 пайыз төлөйт. Ал эми, жалданган кызматкерлер орточо эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген өлчөмдөн 10 пайызын төлөйт.

- Тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлери бар жеке ишкерлер кандай тарифти колдонот?

- Тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер үчүн 12 пайызда камсыздандыруу төлөмдөрү каралган. Анын ичинен, иш берүүчү орточо эмгек акынын өлчөмүнөн 40 пайызынан чегерилген өлчөмдөн 6 пайыз, жалданган кызматкер орточо эмгек акынын 40-пайызынан чегерилген 6 пайыз өлчөмүндө төлөйт. 

- Базарда соода жүргүзгөн жарандар кандай өлчөмдө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөйт?

- Орточо эмгек айлык акынын 6 пайызында төлөшөт.