Жарыяланган 22.05.2023

Соцфондко 2023-жылдын январь-апрель айларында 3613 кайрылуулар келип түшкөн

Соцфондко 2023-жылдын январь-апрель айларында 3613 кайрылуулар келип түшкөн

Соцфондко 2023-жылдын январь-апрель айларында 3613 кайрылуулар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-апрель айларында 3613 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 130;
  • ооз эки кайрылуулар – 410;
  • электрондук кайрылуулар – 78;
  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 47 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 1964;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 984.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча  мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.