Жарыяланган 19.05.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-апрель айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 2 193 976,6 миң сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 2 479 758,4 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-15,0% болгон.

2023-жылдын январь-апрель айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 980 112,9 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 142 512,1 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 15 038,9 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-апрель айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 137 663,9 миң сом киреше алынган.