Жарыяланган 29.04.2023

Соцфонддун кызматкерлери Бишкекти айланып өтүүчү А365 жолунда ишембилик өткөрүштү.

Соцфонддун кызматкерлери Бишкекти айланып өтүүчү А365 жолунда ишембилик өткөрүштү.

Бүгүн, 2023-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Борбордук аппаратынын кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн жана натыйжалуу тазалыкты түзүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында санитардык тазалоо боюнча үч айлык ишембиликке катышты.

КР Социалдык фондуна Бишкек А365 автожолунун (айланма жолу) СЭЗ Бишкек бурулушунан Озерное айылынын бурулушуна чейинки аймакты тазалоо тапшырмасы берилген. Социалдык фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин аракети менен бул бул участкадагы тазалоо иштери толугу менен аткарылды.

Биз бардык жарандарды ушундай иш-чараларга катышып, өз жерибиздин тазалыгын, бакубаттуулугун сактоого активдүү катышууга чакырабыз”.