Жарыяланган 27.04.2023

Социалдык фонд 2022-жылы пенсиялык топтоо боюнча жылдык кирешелүүлүгүн 11,25 % камсыз кылды.

Социалдык фонд 2022-жылы пенсиялык топтоо боюнча жылдык кирешелүүлүгүн 11,25 % камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын  пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын  башкарууну жузого ашырат.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 246 токтому менен Пенсиялык топтоо каражаттарын  инвестициялоонун натыйжаларын  эсептоо тартиби (мындан ары) тартип бекитилген.

Каржылануучу  жыл үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларына эсептөөлөр отчеттук жылдын аягында жылына бир жолу камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсебиндеги пенсиялык топтоо болугундо андан ары   чагылдыруу үчүн жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун (мындан ары – КРСФга караштуу МПТФ) 2022-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча МПТФ га камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү  2 914,3 млн. сомду түздү, ошондой эле МТПФ каражатын инвестициялоодон  3 571,9 млн.сом олчомундо киреше алынды.

Анын жыйынтыгында  КРСФ га караштуу МПТФ нын каражаттары 2022-жыл ичинде 5 784,7 млн ​​сомго көбөйду жана жылдын аягына карата 35 188,1 млн сомду тузду.

Ошентип КРСФ га караштуу МПТФ нын пенсиялык топтоо каражаттарынын осуу коэффиценти 2022-жыл учун 1,112487823144, же пайыз менен алганда  кирешелүүлүк жылдык 11,25% ды түздү.

Ошону менен бирге  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КРСФ га караштуу МПТФ пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен 665,8 млн сом өлчөмүндө төлөмдөр каржыланган, анын ичинен  төмөндогу  категорияларга толонгон:

- ипотекалык насыя алган адамдарга 275,7 млн ​​сом (1829 адам);

- оор дартка чалдыккандарга 6,2 млн сом (44 адам);

- расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга 0,8 млн сом (108 адам).

Ошондой эле, камсыздандырылган адамдардын тандоосу боюнча 21,7 млн ​​сом  (174 адам) пенсиялык топтоо каражаттары башка топтомо пенсиялык фонддорго которулган.