Жарыяланган 25.03.2023

«Тилектештик автобусу» долбоору Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундарына юридикалык жардам көрсөттү.

2023-жылдын 22-мартынан 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте «Тилектештик автобусу» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

Мамлекеттик органдарынын эксперттери жана юристтери жарандарга жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, жер мыйзамдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, ошондой эле калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу маселелери боюнча юридикалык консультацияларды беришти.

Мындай иш-чаралар жарандарга алардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү маанилүү маселелер боюнча керектүү маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга жардам берет. Бул жарандарга болгон камкордуктун жана аймактарда юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн жакшыргандыгынына өбөлгө түзөт.