Жарыяланган 25.03.2023

СОЦФОНД БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

СОЦФОНД  БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ

БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

 

  1. БОРБОРДУК АППАРАТ

СФ Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы – 1 бош орун;

Кесиптик билим деңгээли:

1) билими - кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда кеминде 2 жыл иш стажы; же мамлекеттик, муниципалдык кызматта башкы, жогорку кызматтарда кеминде 3жыл иш стажы; же адистиги боюнча кеминде 5 жыл иш стажы;

3) жетекчилик кызматта кеминде 2 жыл иш стажы (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иштеп жаткан кызматкерлерин жогорулатуу учурларын кошпогондо).

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

4) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын;

5) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди жана расмий тилди зарыл болгон көлөмдө

Жөндөмдүүлүгү:

6) иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

7) талдоо, божомолдоо, мониторинг, жалпылоо, контролдоо жана көйгөйлүү тапшырмаларды чечүүнүн жолдорун интеграциялоо;

8) башкаруу чечимин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттерине жоопкерчилик тарта билүү;

9) кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

10) коюлган тапшырмаларды чечүүгө жаңычыл мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү таба билүү;

11) ишин натыйжалуу пландаштыруу жөндөмдүүлүгү;

12) коллективде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык байланыштын заманбап ыкмаларын колдонуу жөндөмдүүлүгү.

  •  
  • 3) аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

14) түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу көндүмдөрү (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды рационалдуу бөлүштүрүү, алардын кол алдындагыларга жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

15) маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

16) ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

  1. 7) конфликтик кырдаалдарды жөнгө салуу;

18) натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

19) компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар боюнча көнүмдөр;

20) белгилүү бир кызматтын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка талаптар.

 

  1. РЕГИОНДУК ОРГАНДАР

 

Төмөнкү кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

СФ Кадамжай райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун;

 

СФ Манас райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун;

СФ Сүлүктү шаардык башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу боюнча адиси - 1 бош орун;

СФ Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп боюнча жетектөөчү адиси:

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын;

2) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди жана расмий тилди зарыл болгон көлөмдө;

3) жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

4) документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;

5) жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдай билүүнү;

6) өз ишин натыйжалуу пландаштырууну;

Көндүмдөрү:

7) ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

8) башкаруучу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

9) маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

10) натыйжалуу мамилелерди куруу, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

  1. 1) компьютердик жана иш техникасын, керектүү программалык продуктуларды билүү;

12) белгилүү бир кызматтын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка талаптар.

СФ Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу боюнча адиси - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:Иш стажы:

 

  • Социалдык фонддо 1 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

СФ Сүлүктү шаардык башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу боюнча адиси - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:иш стажына талаптар коюлбайт.

 

СФ Манас райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун:

СФ Кадамжай райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим же орто билим, маалыматтык технологиялар тармагындагы сертификат.

Иш стажы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер                      2023-жылдын 8-апрелине чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат), (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот;
  2. Баткен облусу, Сүлүктү шаары, Раззаков көч. № 2, тел.: 03653 50-2-02
  3. Кадамжай р-ну, Жалилов көч., № 23, тел., (03655) 5-08-32;
  4. Жалал-Абад шаары, Пушкин көч, № 1, тел., (03722) 2-24-33;
  5. Манас р-ну, Покровка айылы, М. Кояшев көч. № 73, тел. (03459) 2-23-72.

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.