Жарыяланган 18.03.2023

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке чыгышты!

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке чыгышты!

18-мартта КР Социалдык фондунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты, анда борбордук аппараттын жана анын астындагы мекемелеринин кызматкерлери Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнөн Тюменский көчөсүнө чейинки Чоң-Чүй каналынын жээгин тазалоо иштерине активдүү катышты.

Саат 9:30да ишке киришкен ишембиликтин катышуучулары 3 саат бою ишти улантышты. Бардык катышуучулардын аракети менен аймак тазаланып, иретке келтирилди.

Соцфонддун кызматкерлери шаардын тазалыгын жана жашоого ыңгайлуулугун сактоого көмөктөшүп, мындан ары да мындай иш-чараларга катышууга даяр экендигин билдиршет.