Жарыяланган 7.03.2023

8-март майрамаңыздар менен!

8-март майрамаңыздар менен!

Ардактуу айымдар!

 

Сиздерди бүгүнкү аруулуктун, тазалыктын символу болгон 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ааламдагы бардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында экени эч талашсыз.  Ушундан улам, “Кыздын кырк чачы улуу” деген накыл кепти аң-сезимине бекем сактаган кеменгер элибиз эзелтен эле аялзатын – үйдүн куту, жашоонун ажары, тирүүлүктүн улантуучусу катары кабылдап, ага аздек менен мамиле жасап, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. Бүгүн да улуттун наркын боюна сиңирген ар бир кыргыз уулу ата салтын улантууда.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жаркын маанай менен берекелүү турмушта өмүр сүрүңүздөр! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм!

Майрамыңыздар кут болсун!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                              Бактияр Алиев