Жарыяланган 3.03.2023

СОЦФОНД БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

СОЦФОНД  БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ

БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

 

Төмөнкү кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

СФ Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун;

СФ Ала-Бука райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун;

СФ Сүлүктү шаардык башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу боюнча адиси - 1 бош орун.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын;

2) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди жана расмий тилди зарыл болгон көлөмдө;

3) жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

4) документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;

5) жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдай билүүнү;

6) өз ишин натыйжалуу пландаштырууну;

Көндүмдөрү:

7) ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

8) башкаруучу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

9) маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

10) натыйжалуу мамилелерди куруу, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

  1. 1) компьютердик жана иш техникасын, керектүү программалык продуктуларды билүү;

12) белгилүү бир кызматтын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка талаптар.

 

  1. РЕГИОНДУК ОРГАНДАР

СФ Сүлүктү шаардык башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу боюнча адиси - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

<>üиш стажына талаптар коюлбайт.

 

СФ Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун;

СФ Ала-Бука райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим же орто билим, маалыматтык технологиялар тармагындагы сертификат.

Иш стажы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер                      2023-жылдын 16-мартына чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат), (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот;
  2. Таш-Көмүр шаары, Токтомамбетова С. көч 2, тел.: 03745 50-1-50;
  3. Баткен облусу, Сүлүктү шаары, Раззаков көч. № 2, тел.: 03653 50-2-02
  4. Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, С. Ибраимов көч. № 71, тел., (03741) 5-03-95

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.