Жарыяланган 2.03.2023

Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын ТИЗМЕГИ.

Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын ТИЗМЕГИ.

Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу:
- курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
- апластикалык аз кандуулук;
- гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
- кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
- жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
- жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
- операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
- облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.