Жарыяланган 28.02.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Социалдык фонд 2023-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,5% жылдык кирешелүүлүгү менен 550 569,2 миң сом инвестициялаган.

2023-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 219 867,0 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 15 901,0 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 1 180,4 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 236 948,4 миң сом киреше алынган.